Ошто жасалма документтерди колдонууга, ири суммадагы алдамчылыкка шектелген жактоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2024-жылдын 1-апрелинде Ош ШИИБне А.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2024-жылдын январь айында “Э.” аттуу жактоочу Ош шаарындагы окуу борборуна лицензия алып берүүнү убадалап, жалпы 222 800 сом акчасын алып белгисиз тарапка изин жашырып кеткенин билдирген.
Мындан сырткары, 2024-жылдын февраль айында жактоочу арыздануучунун жашы жете элек балдарына атасынын уруксаты жок өлкөнүн аймагынан чыгарууга жасалма соттун чечимин берип, алдап кеткен. Бул үчүн арыздануучудан 4800 сом акча алган.
"Тергөөнүн жүрүшүндө “Э.” аталган акча каражаттарын алгандан кийин тийиштүү лицензияны алуу боюнча жана сот органдарына кайрылуу боюнча эч кандай иш алып барган эмес. Арыздануучуга Билим берүү жана илим министрлигинин жасалма буйругун, лицензиясын жана Ош шаардык сотунун жасалма чечимин жиберип, акчаны өзүнө ээлеп алгандыгы аныкталган", - деп айтылат маалыматта.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 379-беренеси (Документтердин жасалмасын жасоо) менен Башкы прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле Л.И. аттуу жаран 2024-жылдын 20-июлунда "Э." аттуу жактоочу А.Т. жана К.О. аттуу жарандар менен биргеликте ага карата козголгон кылмыш ишин бүтүрүп берүү үчүн 16 миң доллар акчасын алдап алганын айтып, арыз жазган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, кылмышка шектүү М.Э. экендиги аныкталып, кармалган. Анын жашаган жерин тинтүү учурунда Ош шаардык жана Ош облустук сотторунун 27 даана токтому, бир даана ноутбук жана 2 даана такталбаган үлгүдөгү курал жана Редми үлгүсүндөгү уюлдук телефон алынып, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Азыркы учурда М.Э. аттуу жаран ушул сыяктуу башка кылмыштарды да жасоого шектелүүдө.