Өлкө аймагында акыркы суткада 11 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 3, Жалал-Абад облусунда 5, Ысык-Көл облусунда 1 тилсиз жоо чыккан.
Куткаруу кызматтарына чакыруу түшкөн жок. Министрлик жарандарды өрт коопсуздугун сактоого чакырат.