Номурун жашырып алып... Той кортежинде унаасын чимирилте айдаган айдоочу айыпка жыгылды

Мамлекеттик номурун жашырып алып автоунаасы менен ээнбаштык жасаган айдоочуга 30 500 сом айып салынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Май куюучу жайлардын биринде той кортеждеринин катарын толуктаган BMW үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу унаанын мамлекеттик номурун атайын чечип алып чимирилте айдап жаткандыгы тартылган видео тасма тараган.
Издөө жарыяланып, айдоочу тез эле табылды. Ага жасаган жоругу үчүн 30 500 сом айып салынып, унаасы айып аянтчасына токтотулду.
11.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан