Ысык-Атада мал ферма өрттөнүп, 18 бука күйүп кетти

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Бирдик айылында кечээ, 10-июнда мал фермадан ири өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн 2 күжүрмөн эсеп тартылган.
Тилсиз жоонун кесепетинен жалпы аянты 500 чарчы метр болгон сарай жана анын үстүндө жыйылган 2000 түк чөп, сарайда байлоодо турган 18 баш бука күйүп кетти. Ал эми 15 баш бука аман калды.
Учурда өрттүн себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан