Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев бир айга камакка алынды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кенжебек Бокоев 9-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июнда SUPER.KG порталына Талас облустук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Мекемеден билдиришкендей, мындай чечим Талас шаардык соту тарабынан кабыл алынган.

Бокоев 9-июнда Талас облустук милициясы тарабынан кармалган. Ага карата "Коррупция" беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.

Кенжебек Бокоев 2005-2010-жылдары Талас облусунун Айтматов районуна караштуу Аманбаев айыл аймагын башкарган. 2010-жылы “Республика” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышында, 2015-2021-жылдары “Республика-Ата Журт” партиясы менен парламенттин VI чакырылышында депутаттык мандатка ээ болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан