Москва боюнча "Смотрящий" макамына ээ болгон жаран кармалып, Бишкекке алып келинди

Москва боюнча "Смотрящий" макамына ээ болгон М.М. аттуу жаран кармалып, Бишкекке алынып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги бүгүн, 12-июнда билдирди.
Маалым болгондой, ал 10-июнда кармалды. Шектүү Москвада Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Ал оор кылмыш жасоого айыпталууда.
Ыкчам маалыматтарга караганда, М.М. Москва жана Москва облусу боюнча "смотрящий" деп аталган милдеттерди да аткарган. Кылмыш дүйнөсүндө жогорку макамга ээ.
Азыркы учурда эл аралык мыйзамдарды жана эрежелерди так сактоо менен, кармалган жаран учак аркылуу Кыргызстанга алып келинди.
12.06.25
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан