АКШнын президенти Дональд Трамп Ак үйдүн көк чөптүү аянтына флагшток орнотуу учурунда журналистерге анын экинчи мөөнөтүнөн биринчи мөөнөтүнүн айырмачылыгын айтты. Анын пикиринде мурда Ак үй башчысы маалымат каражаттарынын курмандыгы болуп келсе, азыр мергенчи болуп калган.
Журналисттердин "флагшток орнотуу идеясы качан жаралган?" деген суроосуна жооп берип жатып, Трамп: "Бул идея менде көптөн бери бар болчу",-деди.
"Биринчи жолу менде (идея) билесиңерби, силер [ЖМКлар] мага каршы болдуңар. Анда мен мергенчилердин курмандыгы болчумун. Азыр мен мергенчимин. Бул чоң айырма",- деп кошумчалады Ак үй башчысы.
Айта кетсек, кечээ, 18-июнда Ак үйдүн түштүк жана түндүк газондоруна эки флагшток орнотулду.