Эрдоган: "Израилдин өкмөт башчысы Нетаньяху Гитлерден эчак эле ашып түшкөн"

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхуну кескин сынга алды.

Анын айтымында, экинчи дүйнөлүк согуштун эң коркунучтуу сүрөттөрү Газа тилкесиндеги видео жана сүрөттөргө салыштырмалуу жупуну болуп калат.

"Германиядагы Холокост учурунда алар анчалык адамгерчиликсиз, аң-сезимсиз болгон эмес. Нетаньяхунун геноциди, ырайымсыздыгы Гитлердикинен эчак эле ашып түшкөн",- деген Эрдогон шаршемби күнү Анкарада Адилеттик жана өнүгүү партиясынын парламенттик тобунун жыйынында сүйлөп жатып.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан