АКШнын президенти Дональд Трамп Орусиянын лидери Владимир Путиндин Иран менен Израилдин ортосундагы жаңжалды жөнгө салууда ортомчулук кылуу сунушунан баш тартканын билдирди. Ал кечээ, 18-июнда Ак үйдүн көк чөптүү аянтына флагшток орнотуу учурунда журналисттерге бир күн мурун Путин менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты.
"Чынында ал ортомчулук боюнча жардам берүүнү сунуштады. Мен: "Владимир, кел, адегенде Орусия тууралуу сүйлөшөлү, макулбу? Сен муну кийин кыла аласың дедим",- деди Трамп.
Ак үй башчысы ошондой эле Орусия менен Украинаны "акылсыздар" деп атап, ал президент болуп турганда согуш эч качан башталмак эмес экенин дагы бир жолу эскертти.