Бүгүн 1-июлда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери менен биргеликте Увам каналынын жээгин кыдырды. Бул тууралуу калаа башкармалыгы маалымдап, рейд учурунда тартылган видео менен бөлүштү.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө каналдын корук аймагына курулуп калган турак үйлөрдү жана башка курулуштарды алып салуу, жээкти бошотуу боюнча жеринде тапшырмалар берилген. Ал эми шаардык архитектура жана курулуш башкармалыгы тиешелүү белгилерди коюп, бузулуучу аймактарды тактаган.
"Мыйзамга боюнча каналдардын суу корук аймагы эки тараптан 30 метрди түзүшү керек. Бирок бул талаптар сакталбастан суунун жээгине ар кандай курулуштар мыйзамсыз тургузулуп, каналдын үстү да тосулуп калган. Алардын баары иретке келтирилип, каналдын корук аймагын бошотуу иштери жүргүзүлөт",- деп айтылат маалыматта.