Индонезиянын 6 жаштагы тургуну 4 жылдан соң тамекисин таштады. Бирок эми ал сугалактыгынан жапа чегүүдө

Былтыр интернет айдыңында Индонезиянын 6 жаштагы Алди Ризал аттуу тургуну 4 жылдан бери күнүнө 40 даанадан тамеки тартып келгендиги тууралуу маалымат тараган эле. Анын күнүмдүк чылымына 8 доллар кетчү. Учурда ал дарыгерлердин жардамы менен бул адатынан арыла алды. Бирок эми ага дагы бир жаман адат жабышты. Алди тамак-ашка тойгонун билбей, колуна эмне тийсе ошонун баарын жеген адат тапкан. Бул тууралуу жакында чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Алди Ризал 2 жашында дүйнөдөгү эң кичинекей тамеки тарткан адам катары таанылып, гезиттин мукабасына чыккан. Ушундан кийин Индонезиянын бийлиги ага көңүл буруп, атайын дарылоодон өткөрүшкөн. 

"Уулум 2 жашынан тарта тамеки тартат. Бул адатын койдуруу үчүн канча аракет кылдык. Бербей койсок жини келип, чыргоолонуп, башы менен дубалды сүзгүлөй баштайт. Ушундан улам тамеки сатып берүүгө аргасыз болчубуз. Азыр бирөөлөр тамеки сунса, "дарыгеримди жакшы көрөм, аны капа кылгым келбейт" деп колуна албайт. Эми бизди уулумдун тойгонун билбей көп тамак жеп жатканы сарсанаа кылууда. Күнүгө толтура тез даярдалуучу тамактарды жеп, эки банка коюулатылган сүт ичет. Учурда Алдинин салмагы 26 килограмм, нормалдуу салмагынан 5 килограммга ашык. Диетологдорго кайрылсак, күнүмдүк рационуна жашылча-жемиштерди көп кошуңуздар деп кеңеш беришти",- дейт Алдинин энеси Диана баласынын ден соолугуна тынчсызданып.

Балакай күнүнө 40 тамеки чегет экен
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
abaychik
2014-05-01 17:50:34
Бир кундо бир жанылык укпасан дулойсун дегендей, тообо укмуштуунун тоосу жорго.
0
kama_future_millioner
2014-05-01 18:13:52
Мына сага жанылык укмушко кунуно 40 дана тамеки тартса
0
Mech.kg
2014-05-01 19:03:38
Кара башыны жээээээ
ушундай да болот экен ээ
0
n73
2014-05-01 20:47:00
бул жакта кичинекей балдар тамеки тарта берет экен го эч ктимден уялбай эле кунумдук эле корунущтой экен,А бул башкы каарманды коруп алып тан калдым
0
semakg
2014-05-01 22:07:52
Ата энеси кайда карап журот десен? Тарбиянын жоктугуда башына бир чаап колунан алып коюш керек андайды.. Бизде мындай балдарга ширенкеда карматпайт а бул кенири тутотуп журотго
-1
Nursultan95
2014-05-01 22:13:30
Мунун баары ата энесинин тарбиясына барып такалат.Бугунку ден соолук эртенкиге да керек
-1
leben
2014-05-01 23:27:08
Биздин кошунан 2 жашар баласы чегет аны да жанылыка киргизиш керек экен
+1
Asanaka2
2014-05-02 01:50:45
Олуптурго а.....
+1
Alicia
2014-05-02 09:01:25
Cheget dep ele chektire berbei kichine tarbialash kerek da, jash bala go kantse dagy
0
no.comment
2014-05-02 10:23:10
bul tarbiyadan koz larandy emes anchalyk, al jakta jashtardyn tameki tartuusu kadyrese korunush
0
AZIK01
2014-05-02 10:47:15
Шумдугун кургур. Рекорддордон тушпойт экен эми.
Планетабыздын эн жаш, эн коп тамак жеген бала.
Анын натыйжасында, планетабыздын эн оор адамы.
Бирок сактаныш керек. Аягы озуно жаман.
0
admin_portal
2014-05-02 10:56:01
azamat85 - 5 күнгө БАН!
Bella-life - 3 күнгө БАН!
Курамы окшош сайттарга шилтеме берүүгө, жарнама кылууга тыюу салынат.
0
Dadasdasd
2014-05-02 20:16:43
Оган памириндеги кичинекей кыргыз балдар 70% тамекиге жаман үйрөнгөн деген кабар уккан элем.
0
buzeinep
2014-05-02 22:40:57
Тамеки чегуу ден соолука зыян
0
Somalimogadishu
2014-05-02 22:44:47
эркек ))) Биз кантип таштайт экенбиз.........................
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан