Замирбек Осмонов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев кол койгонун өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөттүн аппарат жетекчиси Нурханбек Момуналиев 3-июнда аталган кызматтын эмгек жамаатына Замирбек Осмоновду тааныштырып, ага ишеним арта турганын билдиргени айтылды.
Эске салсак, Замирбек Осмонов 2014-жылдын 8-апрелинде өкмөт башчынын буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалган.