Премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн, 1-сентябрда Кытайдын Үрүмчү шаарына болгон иш сапарында бир катар жолугушууларды өткөрдү. Өкмөт башчы Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ван Ян, СУАР партиялык комитетинин катчысы Чжан Чуньсян жана СУАР өкмөтүнүн губернатору Нур Бакр менен жолугушуу өткөргөнүн өкмөттөн билдиришти. Тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташтыктын келечеги, инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алышты. Оторбаевдин иш сапар учурунда Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов менен да жолушушканы айтылды. 4-Эл аралык ЭКСПО "Кытай-Евразия" көргөзмөсүнө катышып, Кыргызстандын тышкы соода байланышы боюнча баяндама жасады.