Кыргызстандыктар үчүн газдын баасы 40 тыйынга кымбаттады

Кыргызстандыктар сентябрь айында жаратылыш газынын 1 метр кубуна 16 сом 30 тыйындан төлөшөт. Муну бүгүн, 1-сентябрда "Газпром Кыргызстан" ишканасы билдирди. Өлкөнүн түндүгүндө жашоочулар үчүн көгүлтүр отундун метр кубу үчүн 16,35 сом, апрелден бери газсыз отурган өлкө түштүгүндөгү абоненттер үчүн газдын тарифи 16,30 сом деп коюлуптур. Айта кетсек, август айында газдын тарифи 15 сом 90 тыйынды түзгөн. Учурда Кыргызстан жаратылыш газынын миң метр кубун Казакстандан 224 доллардан сатып алууда. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан