Кыргызстан Бажы биримдигине кирсе, өлкөдө маяна жогорулай турганын "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтты. Депутат муну 1-сентябрда Баткен облусунда эл менен жолугушуу учурунда билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан Бажы союзуна киргенден кийин экономика көтөрүлүп, мунун эсебинен айлык акы көбөйөт. Кыргызстан кааласа да, каалабаса да Бажы биримдигине кирерин кошумчалады Текебаев.