Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 2-сентябрдагы жыйынында каржы министри Ольга Лаврова унаа жуучу жайлардын салыктарын жогорулатуу керектигин айтты. Анын билдиришинче, салыктын көлөмү жабык жайлардагы унаа жуучу жайларга 3000 сом болсо, ачык жердегилерге 2700 сом болот. Эгерде ыктыярдуу төлөшсө, салыктын көлөмү кыскартылат.
“Унаа жуучу жайлардын ээлери көрсөтүлгөн салык төлөмүн өз эрки менен төлөшсө, 500 сомдон кыскартылат. Салыкты жогорулатуу менен биз мамлекеттин капчыгына 6 миллион сом пайда алып келебиз”,- деди министр.
Комитет мүчөлөрү өкмөттүн бул сунушун колдоого алышты.