Кыргызстандын жашыруун түрдө Казакстанга жер бергени тууралуу айтылып жаткан маалыматтар туура эмес. Муну өкмөттүн чек арадагы делимитация маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров билдиргенин бүгүн, 2-сентябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматта кыргыз-казак мамлекеттик чек арасындагы делимитация иштери 2001-жылы аяктаганы, атайын макулдашууга ылайык, тараптар 2014-жылдын 26-августунда чек ара белгилерин орнотууга киришкени, муну менен демаркация иштери аяктай турганы айтылат.
Айта кетсек, буга чейин чек ара белгилерин орнотуу иштери Талас облусундагы жергиликтүү элдин каршылыгы менен токтотулган эле.