Кыргызстандын Улуттук банкы 1-сентябрдан тарта коргоо белгилери күчөтүлгөн 10 сомдук тыйындарды жүгүртүүгө чыгарды. Маалыматка таянсак, жаңы тыйын кошумча коргоо элементтерин камтыйт. Тыйындын каптал бөлүгүндө (кырында) "Он сом" жана "10 сом" деген эки жазуу бар. Калган дизайны мурунку бойдон эле калды. "10 сомдук тыйындын жаңы коргоо элементи эл аралык стандарттарга жооп берет жана учурда көптөгөн өлкөлөрдө колдонулат" деп билдирет аталган мекеме.