Жогорку Кеңештин депутаттары электрондук чип аркылуу добуш бере башташат
Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кеңешинин кезектеги сессиясынын бүгүн, 3-сентябрда өтүп жаткан алгачкы
жыйынынын жүрүшүндө мындан ары депутаттар талкууланган маселелер боюнча өздүк электрондук
чип аркылуу гана добуш бере турганы белгилүү болду.
Андан сырткары Жогорку Кеңештин
2014-2015-жылдарга ишинин сессиялык планы, ошондой эле 2014-жылдын сентябрына
Жогорку Кеңештин ишинин календарлык планы бекитилди.