Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленип жатат

Бишкек шаарында Нооруз майрамы белгиленүүдө. “Ала-Тоо” аянтында шаардыктар үчүн майрамдык концерт тартууланып жатат. Салтанаттуу иш-чаранын расмий ачылышында сөз сүйлөгөн шаар башчысы Кубанычбек Кулматов тургундарды бүгүнкү Нооруз майрамы менен куттуктап, бул жылы жакшылыктардын мол болушун каалады. Ал эми шаардык кеңештин төрагасы Марат Аманкулов “Нооруз майрамы баарыбызга ийгилик, тынчтык, өнүгүп-өсүү алып келсин” деди. Концерттик-шоу программа менен кошо борбор калаада жашаган ар улуттун өкүлдөрү улуттук тамак-аштарын, кийим-кече жана буюмдарын көргөзмөгө коюшту. 

Бишкектеги Нооруз майрамынан репортаж
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
belka-zaika
2015-03-21 12:10:11
Охиий абдан сонунго сумолок жеп жыргайткенсинерда эми.Менда жегим келтаат((((
-1
alymbek01
2015-03-21 12:52:27
майрамдар конулду отсун кыргыз элиме.
+1
rinad-kg
2015-03-21 14:58:00
Нооруз мусулманмын деген адамдын майрамы
эмес, исламда эки гана майрам бар «Орозо
айт жана Курман айт» ноорузду майрамдаган
мусулман күнөөкөр болот. Адашпагыла кыргыз элим?
-3
edu.kg.
2015-03-21 15:54:52
rinad-kg, бул содорунду форумга кир да дин жана философия болумуно жазчы байболгур.. Кыргыз салтын майрамын унутуп кеткеринер окундурот. Куноо болсо анда кыргыздардын баары бул куну куноого батыптыр да анда.
+4
rinad-kg
2015-03-21 17:04:48
edu.kg., Кайсы кыргыз тарыхында нооруз майрам майрамдашкан мисал келтирип берчи? Манас эпосундабы, кайсыл тарыхта? Курманжан датка майрамдаганбы? Эч качан кыргыз тарыхында нооруз деген түшүнүк жок.Бул СССР тараганда чыккан майрам ага чейин эч кыргыздын тарыхында майрамдалган эмес?Нооруздун котормосу жаңы күн деп которулат ! ЭСКЕРТҮҮ: бул жазганым мусулмандар үчүн, тарыхта да КУРАНДА да нооруз деген майрам жок!
0
gulmi
2015-03-21 16:23:21
rinad-kg, эмнеге ушинте бересинер?бироолор жазат "8-март мусульмандардын майрамы эмес,мусульман апасын жылына бир кун эмес кун сайын сыйлап округу керек"деп.Кундо апасына белек берип,гул берип дурное мусульманды таап берчи?!Ушунчалык мусульман болсон машина менен журбо,тоо,ат менен жур,телефон м/н суйлошпо анткени машинаны,телефонду каапырлар жазашкан.Ширик келтирбей майрамдарды белгилей берсе болот да?
+2
st1m_
2015-03-21 17:03:39
rinad-kg, Бул майрамды сенин ата жотон майрамдаган майрам.Жети атанан ашкан мусулман болгонсунарбы азыркы молдокелер.Бирин ойду, бирин тоону айтып элдин башын ман кылмай болдунар.Майрамдагынар келбесе уйдо жата бергиле да кыйналбай.Площадда айтмакчы молдокелер толо эле журушту бирден балмуздак кармап алышып.
+4
rinad-kg
2015-03-21 17:05:44
st1m_, Кайсы кыргыз тарыхында нооруз майрам майрамдашкан мисал келтирип берчи? Манас эпосундабы, кайсыл тарыхта? Курманжан датка майрамдаганбы? Эч качан кыргыз тарыхында нооруз деген түшүнүк жок.Бул СССР тараганда чыккан майрам ага чейин эч кыргыздын тарыхында майрамдалган эмес?Нооруздун котормосу жаңы күн деп которулат ! ЭСКЕРТҮҮ: бул жазганым мусулмандар үчүн, тарыхта да КУРАНДА да нооруз деген майрам жок!
-4
nurik2103
2015-03-22 10:16:29
rinad-kg, сага суроом даны жыл, 9-май, 31-август денег майрамдарды кыргыздын тарыхынан же курандан коргонсунбу?
+1
rinad-kg
2015-03-22 10:54:23
nurik2103, аны майрам деп эч ким айтпады жөн гана тарыхый күн жеңиш күнү 9- май, 31 -август эгемендүүлүк күнү ал кыргыз элинин тарыхый күнү майрам эмес, куранда эмес мен 31-августту мен өзүм күбө болгом көрүп! Куранда эки гана майрам бар болду точка! ХХХ ХХХ
0
nurik2103
2015-03-22 11:32:00
rinad-kg, кечирип койун сенсирегениме менден чон екенс, бул норузду бир гана мусулмардар майрамдашат а жаны жыл Жана башка майрамдар капырлардан чыккын, емне учун жаны жылда майрамдабагыла деп айтпадыныз? Куйгузосузда адамды сиз дагы
0
rinad-kg
2015-03-21 17:08:11
st1m_,чоң атаңан сура нооруз барбы эле деп
0
admin_portal
2015-03-23 13:20:47
rinad-kg, st1m_ - эскертүү!
Жеке айтышууларга тыюу салынат.
0
beka1207
2015-03-21 15:18:09
майрамынар менен улуу кыргыз калкым.Гулдоп осо бер
+1
Deniza88
2015-03-21 15:31:10
Жакшы
-5
chyngyz-KG
2015-03-21 15:34:41
1 январь Орустардын жаны жылы 21 март ирандыктардын календарынын биринчи куну.Азиядагылар универсал тобо
0
Мэри
2015-03-21 23:32:41
Ринад кж`ге карата сооонун жоопторду бериптирсиңер, аябай ыраазы болдум. "Мусулмандарда эки эле майрам бар: Орозо айт, Курман айт" дей беришип элге сиңирип бүтмөй болушту,анда биз кыргызга тиешелүү нерселердин баарынан кол жууган турабыз, булардын оюна койсо...
Баары бир ушул майрамдын арты менен Жаратканга жакын болуп, ага кайрылып жатпайбызбы, түшүм мол болсун, береке болсун, тынчтык болсун ж.б. болсун деп...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан