26-мартка карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 6 миллиард 470 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, суу сактагычка учурда секундасына 256 метр куб суу агып кирсе, ал эми анда сарпталган суунун агымы секундасына 317 метр кубду түзүүдө.
Айта кетсек, 1-март күнү суу сактагычтагы суунун көлөмү 7,1 миллиард метр кубду түзгөн. Ал эми былтыр март айынын башында суу сактагычта 10 миллиард метр кубдан ашуун суу болгон.