Кечээ, 26-мартта мамлекет башчы
Алмазбек Атамбаев Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында Швейцария Конфедерациясынын Президенти
Симонетта Соммаруга менен Берн шаарында жолугушту. Ошондой эле Алмазбек Атамбаев аталган өлкөнүн тышкы иштер министри
Дидье Буркхальтер менен да жолугушуу өткөрдү.
Швейцария Европада жайгашкан мамлекеттердин арасынан кыргыз мамлекетинин эң ири донорлорунун бири болуп саналат.