Сапар Исаков: "Швейцария кыргыз мамлекетине 74 миллион швейцардык франк бөлүп берет"

Кечээ, 26-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин Швейцарияда болуп өткөн расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Сапар Исаков маалымат берди. 
"Швейцария Конфедерациясына карата жасалган расмий иш сапарынын эң маанилүү бөлүгү кыргыз мамлекетине 74 миллион швейцардык франк бөлүү тууралуу эки тараптуу документке кол коюлганы болду. Каражат төмөндөгүдөй максаттар үчүн сарпталат: саламаттыкты сактоо тармагы менен мамлекеттик тейлөө көрсөтүү жана инфраструктура тармагын реформалоо, жеке ишкердик тармагын өнүктүрүү, суу ресурстарын башкаруу программасы, тынчтык куруу жана демократизация",- деди КРнын Президентинин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы. 
Сапар Исаковдун айтымында, Швейцариянын экс-президенти, азыркы тышкы иштер министри Дидье Буркхальтер менен мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевдин буга чейинки сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча парламенттик шайлоону өткөрүү үчүн кыргыз мамлекетине 1,8 миллион швейцардык франк бөлүнгөн болчу. Бул каражатка добуш берүүгө керектелүүчү жабдуулар сатылып алынат. "Жалпы жонунан Швейцариядагы сүйлөшүүлөр жогорку деңгээлде, ийгиликтүү өттү деп эсептейбиз жана мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев анын жыйынтыгына канааттанды. Швейцария кыргыз өлкөсүндө быйыл өтүүчү парламенттик шайлоого дагы кошумча жардам берүү боюнча айрым маселелерди карап чыгууну колдомой болду",- деди Сапар Исаков. 
Ошондой эле президент Алмазбек Атамбаев Швейцариянын тышкы иштер министри Дидье Буркхальтерди кыргыз мамлекетине чакырып, ал жакынкы айларда кыргыз жергесине иш сапары менен келерин жооп кылганы белгилүү болду. 
Маалымат үчүн: Улуттук банктын 27-мартка карата курсу боюнча 1 швейцардык франк 63 сом 10 тыйынга барабар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан