Премьер-министр Жоомарт Оторбаев 26-мартта Орусиянын кыргыз мамлекетиндеги элчиси Андрей Крутько жана БУУнун кыргыз жериндеги өкүлү Александр Аванесовдун катышуусу менен кеңешме өткөрдү. Анда радиоктивдүү заттардын калдыктары көмүлгөн жерге жакын жайгашкан айылдарды өнүктүрүү маселеси талкууланганын өкмөттөн билдиришти. Өкмөт жетекчиси калдык сактоочу жайларга байланыштуу көйгөйлөрдү чечүүдө кыргыз өкмөтү эл аралык коомчулуктун көмөгүн аларын белгиледи. "Биз эл аралык аренада активдүү кызматташтык көрсөтүп жатабыз. Бул көйгөйдү чечүүдө өнөктөштөр менен тыгыз иш жүргүзүүдөбүз",- деди премьер.