Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы” өтүүдө

Бүгүн, 27-мартта борбор калаадагы "Жеңиш" аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы өтүүдө.

Акцияга Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттары, шаардын вице-мэри Айгүл Рыскулова жана башка жооптуу кызматтардын өкүлдөрү катышууда.

Айта кетсек, "Эскерүү эстафетасы” эл аралык акциясы 11-март күнү Беларустун борбору Минск шаарында старт алган. Бул акция эми Баку, Кишинёв, Ереван, Дүйшөмбү, Астана жана Москва шаарларында да өткөрүлмөкчү. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан