"Алдыда мамлекетибиз жаштар саясатынын багытын аныктоочу бирдиктүү документ кабыл алышы керек". Бул тууралуу "Жаштар" укук тобунун программалык координатору
Адельфия Аманкулова билдирди. Анын айтымында, учурда жаштарга аныктама берилиши керек.
"Мамлекет үчүн азыркы күндө жаштар ким, келерки 10 жыл ичинде жаштар кандай өнүгүшү керек? Аларга кандай артыкчылыктар берилиши зарыл? Биз анализ жүргүзүп көрсөк, 2006-жылга чейин бир катар программалар иштеп келген экен, бирок андан кийин иш токтоп калган. Азыр жаштар демилгеси колдоо таап, программа болобу же концепция болобу, документ кабыл алынышы керек деп эсептейбиз",- деди активист.