Бишкекте Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйыны өтөт

Бишкекте 3-апрелде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйыны өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта ТИМдин маалымат кызматы билдирди. Жыйында шериктештиктеги өлкөлөрдүн саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана коопсуздук тармактагы кызматташтыгын өнүктүрүүгө тийиштүү 15тен ашык маселе каралганы жатат. Тышкы иштер министрлери чек ара коопсуздугун камсыздоо, чукул кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу тууралуу пикир алышышат. Кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасы, Азербайжан, Армения, Беларусь, Тажикстан, Казакстан, Түркмөнстан, Молдова, Орусия, Украинанын тышкы иштер министрлери жетектеген делегациялардын катышары күтүлүүдө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан