Өкмөт келерки кышта да башка өлкөдөн электр энергиясын сатып аларын ырастады

Келе жаткан кыш мезгилинен ийгиликтүү өтүүгө (2015-2016-жылдар) 1,2 миллиард киловатт-саат электр энергиясын импорттоо керек. Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта өкмөттүн жыйынында энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Анын айтымында, электр энергиясынын керектүү көлөмүн сатып алууга болжол менен 4 миллиард сом каралмакчы. "Токтогул суу сактагычында 1-апрелге карата суунун көлөмү 6,3 миллиард куб метр болору болжолдонууда. Былтыркы жылга салыштырмалуу бул абдан төмөн көрсөткүч",- деди министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан