Баткен облусунун дин кызматкерлери көрктөндүрүү иш-чарасынын алкагында ишембилик өткөрүштү. Ага облустук мусулмандар казысынын милдетин аткаруучу
Пазыл ажы Султанмуратов жана башка дин өкүлдөрү катышты.
Белгилүү болгондой, Баткен облусундагы бардык диний кызматкерлерге жер-жерлерде ишембилик өткөрүү боюнча буйрук чыккан. Ага ылайык, Баткен казыяты жана шаардагы борбордук мечиттин кызматкерлери биргеликте казыяттын жана мечиттин айланасындагы таштандыларды тазалап, 80 түп ар кандай дарактын көчөтүн отургузушту.
Ошондой эле облустун башка аймактарындагы дин кызматкерлери да айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, тазалоо максатында ишембиликтерди өткөрүп жатышат. Бул тууралуу 27-мартта Баткен облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматынан билдиришти.