Бүгүн, 27-март күнү ушул тапта президент Алмазбек Атамбаев Бельгиянын борбору Брюссель шаарында Европалык кеңештин төрагасы Дональд Туск менен жолугушуу өткөрүп жатат.
Маалымат үчүн: Европалык кеңеш - Европалык союздун эң жогорку саясий органы. Ал Европалык союзга мүчө болгон өлкөлөрдүн мамлекет башчылары менен өкмөт башчыларынан турат.
Европа өлкөлөрүндө өтүп жаткан мамлекет башчынын расмий иш сапары 22-мартта Австрияда башталган, 1-апрель күнү Германияда аягына чыгат.