Нарын шаарынын аймагында соода-сатык түйүндөрдүн, жол боюндагы дүкөн жана башка соода-сатык менен алектенген жайлардын ээлери менен шаар мэри Рахат Адиев жолугат. Мэриядан кабарлашкандай, жеке ишкерлер менен жолугушууда шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана соода-сатык жайларынын сырткы көрүнүшүн оңдоп-түзөө боюнча сүйлөшүүлөр жүрөт. Жолугушуу 1-апрелде Нарын шаардык мэриясынын жыйындар залында өтмөкчү.