Көчөгө таштанды ыргыткан жаран 2000 сом айып пул төлөшү мүмкүн

Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети 30-мартта "КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоорун 3-окууда карады. 

Бул документке ылайык, таштандыларды атайын челектерге таштабай көчөнү булгаган же таштандыларды өрттөгөн жарандарга айып пул көтөрүлмөкчү. Демилгечи депутат Майрамбек Расуловдун айтымында, калдыктарды көчөлөргө таштагандыгы үчүн айып акыларды киргизүү көпчүлүк өлкөлөрдө ийгиликтүү иштеп жатат. Мындан тышкары депутат айып пулдун өлчөмү 2000 сомго чейин көтөрүлө турганын баса белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында парламент комитети аталган долбоорду жактырды. Эми бул документ Жогорку Кеңеште жактырылса, президенттин колдоосунан кийин күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан