Ош облусу боюнча иш сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев 28-мартта Алай районундагы Нура айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Тургундар айыл көйгөйлөрү тууралуу, тактап айтканда, социалдык объектилерди, мектеп жана бала бакчаларды куруу зарылдыгын билдиришти.
Премьер-министр өз кезегинде белгилегендей, жаңы бекитилген талаптардын эрежелерине ылайык, "капиталдык салым" беренеси боюнча, мектепке чейинки билим берүү мекемелери бюджеттен каржыланган объектилердин тизмесине киргизилет. Ошондой эле ал КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттигине Нура айылына социалдык объектилерди куруу маселесин карап чыгууну тапшырды.
Жолугушуунун жүрүшүндө чек аралардын жанында жайгашкан жайлоолордо мал жаюу маселеси талкууланды.
Мындан тышкары Ош облусундагы сапарынын алкагында өкмөт башчы “Кыргызстан-Кытай газ түтүгүнүн курулушу” долбоорун ишке ашыруу боюнча вахталык кыштакчанын курулуш ордун барып көрдү.
Аталган долбоорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке тартуу жана кошумча жумуш орундарын түзүү пландаштырылууда. Долбоор аркылуу салык жана чогултуулар түрүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик бюджетине каражаттардын түшүүсү да каралган. Долбоордун ишке ашырылышы Кыргыз Республикасынын экономикасына инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет.
Премьер-министр вахталык кыштакчанын курулушу менен таанышып, Энергетика министрлигине жана КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамагенттикке “Кыргызстан-Кытай газ түтүгүнүн курулушу” долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл болгон процедуралардын өткөрүлүшүн тездетүүнү тапшырды.