Депутат Эсенгул Исаков өкмөттүн жазгы талаа иштерине болгон даярдыгына "2" деген баа берди

Бүгүн, 30-мартта парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында депутаттар "2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыктын жүрүшү жөнүндө" өкмөттүн маалыматы менен тааныштырылышты.
Депутат Эсенгул Исаков өкмөттүн жазгы талаачылык жумуштарга начар даярдангандыгын билдирип, "2" деген бааны берди. "23 жыл ичинде аймактардагы дыйкандар бардык иштерди үйрөнүп калгандыгы кубандырат. Ал эми Айыл чарба министрлиги аларга жардам берүүдө өз милдеттерин так аткара албай жатат. Мындай терс көрүнүш министр алмашса да өзгөрбөйт",- деди Исаков.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан