Айыл чарба тармагына бөлүнгөн насыялар максатсыз пайдаланылганы айтылды

Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана аймактык өнүгүү боюнча комитети өкмөттүн 2015-жылдын жазгы талаачылык жумуштарын өткөрүүгө даярдыгына нааразы болду.

Комитет төрагасы Сайдулла Нышановдун айтымында, быйыл дыйкандарга насыя берүү жана жер семирткичтер менен камсыздоо маселелерин өкмөт чече алган жок. 

Андан соң депутат айыл чарба министрине кайрылып, "мында сиздин да күнөөңүз бар, ыкчамыраак болсоңуз болмок" деди. Мындан тышкары ал дыйкандарга насыя кеч жана начар берилгендиги боюнча банктарды айыптады.

Ошондой эле депутат Талантбек Узакбаев айыл чарба тармагына бөлүнгөн насыялар максатсыз колдонулганына нааразычылыгын айтты. Анын билдиришинче, айрым жарандар жеңилдетилген, пайызы аз насыя алып, жер тамдарды куруп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан