31-мартка караган түнү абанын температурасы -18°Cге жетип, жүз жылдагы рекорддук суук болушу күтүлөт

31-мартка караган түнү абанын температурасы -18°Cге жетип, рекорддук суук болушу күтүлөт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына "Кыргызгидрометтин" директору Зарылбек Итибаев билдирди.
Ал 27-марттан 2-апрелге чейинки аба ырайынын кескин өзгөрүшү Каспий циклону катары алдын ала белгиленип, билдирүү таратылганын айтып өттү.
"Бул арада жамгыр жаап, карга айланарын алдын ала айтканбыз. Кечээ кар аралаш жамгыр жаап, абанын температурасы -14°C суук болду. 
Биз 89 жылдан бери аба ырайынын өзгөрүшүн көзөмөлдөп келебиз. Бүгүн таңкы саат 04:00дөн 07:00гө чейин -14°... -15°C болуп, бул 2015-жылдагы рекорд болду. 31-мартка караган түнү кечки суук -18°Cге жетип, 100 жылдагы рекорддук суук болушу күтүлөт.
Жалпысынан апрель айында аба ырайы өзгөрүлүп турат. 3-апрелден баштап күндүзгү температура жылый баштайт да, 6-7-апрелден баштап +15°С... +18°C болушу күтүлөт",- деди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Patriot...kg
2015-03-30 15:47:39
Биз жака каар жап элдин баары малына чөп издеп жүрөт?
0
beka1207
2015-03-31 10:32:55
Жазды кудай урарда кун сууктап кыш болот
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан