Бельгия менен Кыргыз Республикасы саламаттыкты сактоо жаатында иштешүү боюнча меморандумга кол коюшту

Брюссель шаарында 28-мартта Бельгиянын Саламаттыкты сактоо фонду менен КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин кызматташуусу жөнүндөгү меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди. 

Документке КРнын Бельгиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Асеин Исаев менен аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо фондунун төрагасы Хервиг Флиракерс кол коюшту.

Меморандумда медицинада академиялык жана клиникалык жаатта тажрыйба алмашуу, радиология жана лабораториялык диагностика тармагында иштешүү каралган. Бельгиялык тарап кыргыз жергесиндеги ооруканаларга кайтарымсыз чыпкалоочу жабдуу ыйгарды. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан