Бүгүн, 30-мартта Жогорку Кеңештин Коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында коргоо министринин орун басары Замир Сүйөркулов "өлкөдөгү жогорку окуу жайлардагы бардык аскердик кафедралар жоюлушу керек" деп билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө 3 жогорку окуу жайында аскердик кафедра бар. "Аскердик билим берүү тармагында коррупциялык схемалар көп болот. Былтыр бир топ аскердик кафедра жабылган, бирок 3 кафедра кандайдыр бир себептерден улам калтырылган. Эгер 10 миң бала аскердик кафедраларда окугусу келсе, биз 2 миңин гана кабыл ала алабыз. Мындан улам бул тармакта коррупцияга ыңгайлуу шарттар түзүлөт. Бул маселенин ушул жылдын аягына чейин чечилиши күтүлүүдө",- деди ал.