Владимир Путин Ислам Каримовду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктады

Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду президенттик шайлоодогу жеңиши менен куттуктап, жаңы ийгиликтерди каалады. Бул тууралуу 30-мартта Кремлдин басма сөз кызматы жарыялады.

Маалыматка ылайык, телефон аркылуу сүйлөшүүдө өлкө лидерлери орус-өзбек стратегиялык өнөктөштүгүн жана кызматташууну мындан ары да күчөтүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

Айта кетсек, Өзбекстанда президенттик шайлоо 29-мартта өттү. Анын жыйынтыгы расмий түрдө жарыялана элек. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматтары боюнча, И.Каримов 17 миллиондон ашуун добуш топтоду (жалпы шайлоочулардын 90,39 пайызы).

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан