Алмазбек Атамбаев: “Януковичти Бакиев менен салыштырса, Янукович периште болуп калат”

Кечээ, 30-март күнү мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев Бельгияда өтүп жаткан расмий иш сапарынын алкагында эксперттик жана журналисттик коомчулуктун, ошондой эле Бельгия падышачылыгында кызмат өтөп жаткан дипломатиялык корпустун өкүлдөрү менен жолугушту. “Кыргыз Республикасы: демократиялык реформалар жана тышкы саясатынын приоритеттери” деп аталган жолугушуу Европалык союздун алдындагы Бавария эркин мамлекетинин өкүлчүлүгүндө болуп өттү.

Анда сөз алган президент Алмазбек Атамбаев: “Мен качандыр бир кезде ишкер болчумун, бирок бизнесим биринчи президент Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө жагып калды. Бизнесимди тартып ала башташты. Депутаттык мандатты да тартып алышты. Кийин оппозицияга кеттим, баш-аягы оппозициячыл саясатчылардын катарында 15 жыл жүрдүм. Министр гана болбостон, эки жолу премьер-министр болуп иштедим. Абакта да отурдум, анда коюлган айып менен мени 25 жылга эркимден ажыратышмак. 

8 күндөн кийин кыргыз өлкөсүндө экинчи революциянын болуп өткөнүнө 5 жыл толот. Биринчи революция 2005-жылдын март айында болуп өткөн. Эсимде, анда мен колонналардын биринин башын жетектегем. Ачыгын айтайын, үйгө кайтпай калам деп ойлогом. Жубайыма балдарга кам көрүүсүн айтып чыгып кеткем, бирок аман калдык. Эл бизди колдоду. Анын үстүнө биринчи президент өлкөдөн качып чыгып кетти. 

Биз буга аябай кубанганбыз, атүгүл жарым жыл бою революциянын жеңишин жууп жүрдүк. Биз сүйүнүп бүтө албай жүрсөк, Акаевдин ордуна андан да коркунучтуу клан бийликке келип калыптыр. Биринчи президент өлкөнү уурдап-тоносо, экинчи президенттин тушунда кылмышкерлер менен чогуу уурдап-тоноодон тышкары киши өлтүрүүлөр башталды. 

Украинанын экс-президенти Януковичти Бакиев менен салыштырса, Янукович периште болуп калат. Бизде оппозицияда жүргөн саясатчыларды, депутаттарды, ишкерлерди, журналисттерди мыкаачылык менен өлтүрүшкөн. Геннадий Павлюк деген журналистибизди колу-бутун байлап туруп, оозун чаптап, тирүүлөй 6-кабаттан ыргытып жиберишкен. Бакиевдин үй-бүлөсү азыр Минскте, европалык Лондондо, Ирландияда, кимдир бирөөсү Америкада жашырынып жашап жатат. Президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов оппозицияга кошулуп кеткенде аны уурдашып, түнү менен кыйнашып, тирүүлөй өрттөп жиберишкен. Януковичтин үй-бүлөсү мындай иштерди кылган эмес. Бакиевдердин бири да Европалык союзда жана башка жакта да кармалган жок. Бул кош стандарттуу саясат”,- деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан