9-10-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачындын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын күндүзгү температурасы кескин төмөндөп: Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык аймактарында 17…22°С, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында 20…25°С, тоо этектеринде 10…15°С, бийик тоолуу райондордо 0…5°С болушу күтүлөт. Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат. Буга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Бул тууралуу 7-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.