Кыргыз Республикасынын судьяларын тандоо боюнча кеңеш мамлекет башчы Алмазбек Атамбаевге Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотторунун судьяларын кызматка дайындоого 13 талапкер боюнча сунуштарын киргизген.
7-майда президенттик аппараттан билдиришкендей, мамлекет башчысы сунуш кылынган 3 талапкер боюнча материалдарды Судьяларды тандоо боюнча кеңешине кайтарып берди жана 10 талапкер боюнча бул кеңештин сунуштарына макул болду.
Сынактык тандоонун жыйынтыктарын эске алуу менен президент 3 жарлыкка кол койду.
Биринчи жарлык менен сынактын негизинде тандалган 10 талапкер, Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык, 2015-жылдын 7-майынан баштап мөөнөткө жергиликтүү соттордун судьялыгына дайындалышты:
- Асанов Эрлан Жекшенбекович;
- Бекбаева Нурия Хусаиновна;
- Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;
- Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;
- Курманов Ашырбек Такишович;
- Осмонова Шааркүл Келдибековна;
- Садырова Чынара Идрисовна;
- Султаналиев Нурлан Турусбекович;
- Эгембердиева Анар Раимжановна;
- Эшалиев Азис Маратович.
Экинчи жарлык менен жергиликтүү соттун дайындалган 10 судьясы 2015-жылдын 7-майынан баштап Ысык-Көл облустук сотуна судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:
Чүй облусунун райондор аралык сотуна:
- Асанов Эрлан Жекшенбекович;
- Курманов Ашырбек Такишович;
- Осмонова Шааркүл Келдибековна;
- Султаналиев Нурлан Турусбекович;
Бишкек шаарынын райондор аралык сотуна:
- Бекбаева Нурия Хусаиновна;
- Досмамбетова Чолпон Моңолдоровна;
- Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;
- Садырова Чынара Идрисовна;
- Эгембердиева Анар Раимжановна;
- Эшалиев Азис Маратович.
Үчүнчү жарлык менен Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьялары толук курамында кызматынан бошотулду:
Чүй облусунун райондор аралык сотунан:
- Качкыналиева Динара Шахтёрбековна;
- Курманов Ашырбек Такишович;
- Осмонова Шааркүл Келдибековна.
Бишкек шаарынын райондор аралык сотунан:
- Бекбаева Нурия Хусаиновна;
- Есеналиева Гүлжан Шаршенбековна;
- Карагулова Бермет Бейшеновна;
- Нурманбетов Эрмек Болотканович;
- Нурунбетов Жыргалбек Балтагулович;
- Садырова Чынара Идрисовна;
- Саяков Жанышбек Ильясович.
Маалым болгондой, муну менен Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын райондор аралык
сотторунун сот корпусу жаңыланды.