Сариев “Достук” өткөрмө пунктунун ишмердүүлүгү жана Ош облусундагы жазгы талаа жумуштарынын жүрүшү менен таанышты

Премьер-министр Темир Сариев Ош облусу жана Ош шаары боюнча бир күндүк иш сапарынын алкагында Достук” автожол көзөмөлдөө пунктунун иши менен таанышып чыкты.

“Достук” автоунаа, жүк жана жүргүнчүлөрдү өткөрүүчү пункт болуп саналат. Өткөрүү пунктунда чек ара, бажы, транспорт, медициналык, санитардык-карантиндик, ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөлдөө жүргүзүлөт. 2014-жылы бул пункт аркылуу өлкөнүн 130 миңге жакын жараны жана 12 миңге жакын транспорттук каражат өткөрүлгөн.

Сариевдин айтымында, аталган пункт Кыргыз Республикасынын Евразия экономикалык бирлигине кошулуусунда кыргыз мамлекети менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу өткөн негизги өткөрүү пунктуна айланат. “Буга байланыштуу өзгөчө көңүлдү өткөрүү пунктунун инфраструктурасына жана техникалык жабдылышына буруу зарыл. Ал ЕАЭБ стандарттарына дал келүүсү тийиш”,- деди Темир Сариев.

Андан соң премьер-министр Араван районундагы Кең-Сай жаңы конушуна барып, Кең-Сай, Ачы жана Каттасай аймактарын өздөштүрүү боюнча курулуш ишинин долбоору менен таанышып чыкты. Пландарды карап чыккан соң Сариев массивдерди өздөштүрүү процессин тездетүү зарылдыгын белгиледи. Ал өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө аймактарды өздөштүрүү боюнча иш планын иштеп чыгууну тапшырды.

Мындан тышкары Ош облусунун Араван районундагы жазгы талаа иштеринин жүрүшүн көзөмөлдөдү.

Жазгы өнөктүк иштеринин жүрүшү менен таанышуунун жыйынтыгында премьер-министр Айыл чарба жана мелиорация министрлигине жана Каржы министрлигине дыйкандарга айыл чарба техникасын лизингге берүүдөгү пайыздык коюмдарды кайрадан карап чыгуу жана айыл чарба техникасын камсыздоо боюнча сунуш киргизүү тапшырмасын берди.

Андан соң Темир Сариев Кара-Суу районундагы Ак-Таш округунун Беш-Үй аймагына барды.

Анда Сариев Барак эксклавынын тургундары тарабынан аймакты өздөштүрүү процессин тездетүү зарыл экендигин билдирди. “Тургундар тез арада бөлүнгөн тилкелерге турак жай тургузуулары керек. Өкмөт өз кезегинде Беш-Үй аймагын суу менен камсыздоо, жол куруу жана социалдык багыттагы объектилерди куруу маселесин чечип берет”,- деп жыйынтыктады премьер-министр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан