Темир Сариев "энергетика системиндеги тарифтер ачык болушу керек" деди

Премьер-министр Темир Сариев бүгүн, 8-майда Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин башчысы Нурбек Элебаевди кабыл алды. Тараптар кыргыз мамлекетинин энергетика системиндеги тарифтик саясатты талкуулашты. 
Өкмөт башчы тарифтерди түзүүнүн ачыктыгын камсыздоо жана элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди. "Тарифтер тууралуу маалымат ачык жана жеткиликтүү болушу керек. Өлкөнүн ар бир жараны тарифтер тууралуу, мунун ичинде: суунун көлөмү, электр энергиясынын баалары жана импорттолгон электр энергиясы жөнүндө маалыматка ээ болушу керек. Бул жаатта ар бир акимде жана айыл өкмөт башчысында толук маалымат болушу кажет",- деди Сариев. 
Кышка даярдык көрүү маселесине токтолгон премьер "күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдык көрүү кечиктирилбей башталышы зарыл" деп билдирип, өкмөттүн тийиштүү бөлүмүнө бардык аймактардагы электр менен иштеген от казандарды отундун башка түрүнө өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу тапшырмасын берди. 


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан