Жанар Акаев: "Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге кол коюлушу күтүлүүдө"

Кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү боюнча документтерге кол коюлушу күтүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 8-майда SUPER.KG порталына президенттин басма сөз катчысы Жанар Акаев билдирди. Акаевдин айтымында, Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин саммити Москва сааты боюнча 18:00дө башталат. 
Ал эми саммите кыргыз мамлекетинин Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсүндө пайда болгон кыйынчылыктар да негизги маселе катары караларын кошумчалады. 
Эскерте кетсек, жыйында аталган биримдикке мүчө мамлекеттердин башчылары кыргыз мамлекетинин аталган биримдикке кирүүсү боюнча соңку эки протоколго кол коюшат. Андан соң бул документтер ар бир мүчө мамлекеттин парламентинен ратификациядан өтүшү керек. Ошондо Кыргыз Республикасы ЕАЭСтин толук кандуу мүчөсү боло алат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан