Жогорку Кеңештеги "Ар-намыс" фракциясы 8-майдагы жыйынында быйылкы туристтик сезонго тийиштүү мекемелердин даярдыгын талкуулады. Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин башчысы Максат Чакиевдин билдиришинче, туристтик сезонго керектүү бардык иштер, мунун ичинде КМШ алкагында жана өлкө ичинде маалыматтык кампания жүрүп жатат. Кыргыз мамлекетин эл аралык туристтик көргөзмөлөргө катыштыруу, коомдук тартипти жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо, пансионаттардын жана башка жайлардын абалын текшерүү боюнча аракет көрүлүп жатканы айтылды.
"Кыргыз жеринде туристтик сезон иш жүзүндө 40-45 күнгө созулат жана кетирген чыгымдын ордун толтуруу жана киреше табуу үчүн туристтик тейлөөдөгү баалар өсөт. Бирок биз баа саясатын оптималдаштыруу механизмдерин иштеп чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз",- деди Чакиев.
Фракция лидери Феликс Кулов мектептерде окууну жылдагыдан 3 апта кечирээк баштоо сунушун айтты. "Бул демилгеде маанилүү аргументтер бар. Мисалы, кыргыз мамлекетиндеги каржылык мүмкүнчүлүгү жок адамдар жайкы саратанда балдары менен Ысык-Көлдө эс ала алышпайт. Алар сентябрда, "бархатный сезондо" келип арзан баада эс алууга мүмкүнчүлүк алышмак",- деди Кулов.