"Ала-Тоо" аянтында аскердик жүрүш өтүп жатат (фото)
Бишкектин “Ала-Тоо” аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 70 жылдыгына карата аскердик жүрүш өтүп жатат. Жүрүш учурунда президент, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысыАлмазбек Атамбаевдин куттуктоо сөзүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Асанбек Алымкожоев окуп берди. Аскердик парадды көрүүгө 10 миңге чукул шаар тургундары келишти. Аскер жүрүшүндө 1500гө жакын аскер кызматкерлери эл алдына чыгышып, 71 аскер техникасы көрсөтүлөт.