Жогорку Соттун Конституциялык палатасынын жаңы судьясы Жогорку Кеңеште ант берди

Бүгүн, 26-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын судьясы кызматына Кубанбек Киргизбаевди шайлашты. Андан соң ал парламенттин алдында Конституцияга оң колун коюп ант берди.
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаевдин маалыматы боюнча, К.Киргизбаевдин талапкерлигин Судьяларды тандоо боюнча кеңеш сунуштады. Ал Юстиция министрлигинде, Бишкектин райондук сотторунда жана Жогорку Сотто эмгектенген. Анын жалпы 37 жылдык юридикалык тажрыйбасы бар.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан