29-октябрдан 30-октябрга караган түнү Бишкекте студенттердин ортосунда массалык мушташ орун алган жок. Бул тууралуу SUPER.KG порталына шаардык милициядан кабарлашты. "Саат 23:00 чамасында борбор калаадагы Малдыбаев жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде 50 чакты студент чогулуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн, бирок мушташка жеткен эмес",- дешти мекемеден.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жерге Дене тарбия жана спорт академиясынын жана Курулуш, транспорт жана архитектура университетинин (КГУСТА) студенттери чогулушкан. Айрымдары таяк көтөрүп келишкени айтылууда.