Бишкекте 9 айда 5 жаш бала жол кырсыгынан каза болгон. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда Бишкек шаардык кеңешинин Регламент, укуктук суроолор жана укуктук тартип боюнча комиссиясынын жыйынында Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматынын жетекчиси Зумрад Жанабаева билдирди. Анын айтымында, быйылкы жылдын 9 айында 1014 жөө адамды унаа сүзүп кеткен. Анын натыйжасында 39 адам каза болуп, 1072 жаран жабыркаган.
Муну менен катар жетекчинин айтымында, Бишкекте бир катар көчөлөрдү бир тараптуу кылуу унаалардын бетме-бет кагылышуусуна жолтоо болду. "Ошол эле учурда борбор калаада кээ бир көчөлөр дагы деле жол кырсыктарына шарт түзүп жатат. Мисалы, Дэн Сяопин көчөсү, "Аламүдүн" базарынын жанындагы көчөлөр төрт тараптуу кыймыл болгондуктан, жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп кетүү фактылары көп кездешүүдө. Мындан улам биз мэрияга кайрылып, бул көчөлөрдү бөлүп тура турган көк майсаң салуу керектигин билдирдик, анткени адам жолдон өтүп бара жатканда ошол жерден токтоп алды-артын кароого жетишет",- деди Жанабаева.